8-мартка карата Кыргызстанга 4 миллиондон ашык жаңы гүлдөр ташып келинди. Аялдардын Эл аралык күнүнүн алдында жаңы гүлдөрдү ташып келүүнүн салттуу мезгилдик өсүшү байкалууда. Айрыкча февраль айында жеткирүүлөр көбөйүп жатат. Бул тууралуу Бажы кызматынан маалымдашты.
Февраль айынын башынан бүгүнкү күнгө чейин өлкөгө 4,07 миллион даана жаңы гүл ташып келинди. Январь айына салыштырмалуу жеткирүүлөрдүн көлөмү 31% га өстү. Ташып келүүнүн негизги бөлүгү аба транспорту аркылуу ташылат. Негизги жеткирүүчү өлкөлөр болуп Кения, Кытай, Эквадор, Нидерланддар жана Колумбия саналат.
Февраль айында роза, гвоздика, орхидея, хризантема жана лилия гүлдөрүнө суроо-талап эң көп болот. Розалар салттуу түрдө алдыңкы орунда турат – алардан 3,56 миллион даана ташылып келинген, бул жалпы гүлдөрдүн импортунун негизги үлүшүн түзөт. Соода түйүндөрүнө келгенге чейин ар бир партия милдеттүү түрдө бажы көзөмөлүнөн өтөт: коштоочу документтери жана ташуу шарттарынын сакталышы текшерилет.