8-мартта Бишкекте аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш өтөт

Бишкекте, 8-мартта Спорт ордосунун жанында гендердик зомбулук жана дискриминацияга каршы аялдардын тилектештик тынчтык жөө жүрүшү өтөт. Бул жылы өтө турган жөө жүрүштүн темасы — аялдардын эркиндигине жетүүдөгү тилектештиги.

«Эркектер менен аялдардын эмгек акыларынын айырмасы 30%ды түзөт. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигинен аялдар балдар менен отурууга же үйдөн иштеп эки жүктү көтөрүүгө аргасыз болууда. Гендердик теңдик тууралу мыйзам иштебей жатат. Бүгүнкү күнү министрлердин арасында эки эле аял бар», — деп билдиришет уюштуруучулар.

Ошондой эле, алар жети облуста, 40 райондо, 32 кичи шаарда жана 453 айыл өкмөтүндө бир да жетекчи аял жок экенин белгилейт.