8-марттан бери 1800дөн ашуун айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды

8-марттан бери 1800дөн ашуун айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

8-марттан тартып, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлүп, унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген. «Ошол себептүү талдоо көрсөтүп тургандай, мас абалында унаа башкаргандардын саны 17 пайызга азайып, айдоочулардын жоопкерчилиги жогорулап жаткандыгы байкалууда»,- дешти.