8-ноябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 8-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Кээ бир райондордо туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;

Талас жергесинде түнкүсун -3…-8, күндүз +4…+9;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +3…+8;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -3…-5, күндүз +7…+9.