8-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Аба ырайынын температурасы:

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +15…+17, максималдуу температурасы күндүз +28…+30.

Чолпон-Атада жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +12…+14, максималдуу температурасы күндүз +23…+25.