8-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жана тоо этектериндеги жол тилкелеринде тайгак болот. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусу түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8

Талас облусу түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9

Баткен облусу түнкүсүн -2…-7, күндүз +5…+10

Ош жана Жалал-Абад облустары түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11

Ысык-Көл облусу түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6

Нарын облусу түнкүсүн -21…-26, күндүз -9…-14

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн -4…-6, максималдуу температурасы күндүз +4…+6.