80 жылдан кийин Улуу Ата Мекендик согушка кеткен кыргыздын сөөгү коюлган жер аныкталды

80 жылдан кийин Улуу Ата Мекендик согушка кеткен кыргыздын сөөгү коюлган жер аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов соцтармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, ушул жылдын август айында 1943-жылы Украинанын Житомир облусунда фронтто курман болгон Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сабир Доронбековдун жакындары көмүлгөн жерди так аныктоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргызстандын Украинадагы элчилигине кайрылышкан.

Сержант Сабир Дооронбеков 1920-жылы Фрунзе облусунун Калинин районунда туулган, Кыргыз ССРинин Фрунзе ОВКсы тарабынан 1941-жылы фронтко чакырылган, 1943-жылы ноябрда каза болуп, Житомирдеги массалык көрүстөндөрдүн («братская могила») бирине коюлган. Украинанын мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын жигердүү жардамынын натыйжасында 80 жылдан кийин анын сөөгү коюлган жер так аныкталган.
Житомир шаарынын аймагындагы аскердик мүрзөлөрдү күбөлөндүрүү документтеринде, Житомир облусун фашисттерден бошотууда курман болгон, Житомир шаардык Смолянский аскер көрүстөнүнө коюлган советтик армиянын жоокерлери менен офицерлеринин тизмесинде, 1920-жылы туулган сержант Сабир Доронбеков 276 номеринде катталган. Каза болгон күнү: 1943-жыл, 15-ноябрь. Сөөгү «537» деген жалпы мүрзөгө коюлган. Көрсөтүлгөн маалыматты Житомир облустук мамлекеттик администрациясынын Житомир облусунун мамлекеттик архиви тастыктайт.