«84 чакырым артта калды». Владислав Шулико Ысык-Көлдүн дээрлик жарымын сүзүп өттү (видео)

Кыргызстандык суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдүн 84 чакырымын сүзүп өттү. Эске салсак, спорттун чебери рекорд коюуну чечкен. Тактап айтканда, ал Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүгө белсенген.

Бул анын эсептөөлөрү боюнча, төрт-беш күнгө созулат. Ал сууда сүзүүнү 22-августта саат 07:30да Каракол шаарынын пристанынан баштаган. Ал эми акыркы чекит Балыкчы болот. Учурда Шулико жарыяланган аралыктын жарымын сүзүп өттү. Башкача айтканда, 181 чакырымдын 84 чакырымын артка таштады.