9-10-ноябрь күндөрү да аба ырайы туруксуз болот

9-ноябрдан 10-ноябрга чейин жаап жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-128-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусунда, 198-246-чакырымдарында Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 9-ноябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-10-ноябрларда абанын температурасы төмөндөп, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.