9-11-февралда Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн

9-февралдан 11-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 70-107 чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 2 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.