Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында башкармалыктын башчысы Азамат Исраиловдун жана орун басарларынын, ЖКККББнын жер-жерлердеги башкармалык жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 9 айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.
Жыл башынан тартып, аталган башкармалык тарабынан жалпысынан 746 миң 673 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, мамлекеттик бюджетке 396 миллион 92 миң 240 сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 60 миллион 212 миң 170 сомго көп өндүрүлгөн.
Алардын ичинен:
Мас абалында унаа башкаргандар 8 682 (13 пайызга азайган);
Ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар 125 422;
Терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 2 409;
Тийиштүү докумменттери жок унаа башкаргандар 7 828;
Авто ээнбаштык кылгандар 282;
Коопсуз курун тагынбаган айдоочулар 178 146;
Айдоого укугу жок жарандардын авто унаа башкаруусу 2 101;
Техникалык абалы оң абалда эмес унааны башкарган айдоочулар 1 223;
Башка жол эрежелерин бузуулар 420 582.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 59 996 авто унаа убактылуу айып короо жайына киргизилген.