«9 атты уурдап, Кыргызстандын аймагына өткөрүүнү көздөшкөн». Чек арадагы атышуу боюнча тажик тараптын берген маалыматы

Бүгүн, 8-июлда саат 14:55те Согди облусунун Деваштич районунун Росровут участкасында төрт кыргыз чек арачысы Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүп кетишкен. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Чек ара кызматынан билдиришти. 

«Чек арадан өткөндөр аскердик жана жарандык формачан, жанында Калашников автоматы болгон, Деваштич районунун жашоочуларына таандык 9 атты уурдап, Кыргызстандын аймагына алып кетүүнү көздөгөн. Мамлекеттик чек араны бузгандыгы жөнүндө тажик чек арачыларынын эскертүүсүндө кыргыз аскер кызматкерлери автоматтан ок чыгарышкан. Тажик чек арачыларынын жооп кайтарган огунан эки эреже бузуучу жаракат алды», — деп айтылат тажик Чек ара кызматынын билдирүүсүндө.