«9 бала энесиз калды». Чүйдө төрөттөн кийин каза болгон келин кечээ жерге берилди

Чүйдө төрөттөн кийин көз жумган 36 жаштагы келин кечээ, 12-февралда жерге берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине келиндин бир тууган сиңдиси билдирди.

Буга чейин милиция маалымат таратып, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөнүн, 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, анын эртеси каза болгонун билдирген.

«Бул эжемдин 9-төрөтү болчу. Эжемдер буга чейин Токтогулда турушчу. Ал жердеги үйүн сатышып, Кара-Балтага көчүп келишкен. Бул жакка көчүп келгени төрөтканага барып, дарыгерлер менен сүйлөшүп, ушул жакта төрөрүн айтып келгенин айткан. Эжем кечээ, 12-февралда жерге берилди. Балдарынын улуусу 18 жашта. Азыр жаңы төрөлгөн ымыркай төрөтканада, абалы жакшы дешти. Кечээ сиңдим барып көрүп келди»,- деди бир тууганы.