10-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Эртең, 10-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт жана жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-7, күндүз +3…+8;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5.

Бишкекте 10-февралда түнкүсүн кар аралаш жаан жааса, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +6…+8 градус болот.