«9 жаштагы баламдын сөөгүн көтөрүп качтым» дейт ВИЧ статусу бар эне

Бүгүн, 1-декабрь — СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Кыргызстанда ВИЧ/СПИД илдети менен 12 миңден ашык адам каттоодо турат. Алардын бири 37 жаштагы Жамал. Ал ВИЧти мындан 7 жыл мурда жуктуруп алган. Каарманыбыз аталган оорудан анын жолдошу, анын артынан уулу каза болгонун айтып берди. «Ушул вирустун айынан тууган-туушкандарым, дос-курбуларым мени менен сүйлөшүүдөн баш тартышты” дейт ал.

Ал шаарга келип, дары ичип күндөгүдөй жашап жүрүп, ВИЧ менен ооруган 9 жаштагы баласына кызамык чыкканын, түнү эле дене табы көтөрүлүп, ооруканада көз жумганын айтты. «Баламды ооруканага алып бардык. Колуман 2 эркек дарыгер алып, ары киргизип кетти. Анан каза болгонун айтышты. «Экспертиза кылыш керек» дешти. Мен ал учурда караңгы болчумун да. Союп салат экен дедим. Жабылып турган баламдын үстүнөн ак чүпүрөгүн ачтым. 9 жаштагы өлгөн баламды көтөрүп алып, качтым. Артымдан дарыгерлер, милициялар кубалашты. Алар мага жардам беришерин айтышты. Айылга барганга акча беришип, баламдын сөөгүн айылга алып бардым. Баламды ошентип жоготуп алдым. Адам баарын унутат экен, бирок бала жоготконду унутуу мүмкүн эмес экен. Жакшы тамак ичип жатсам да, уулумду эстейм», — дейт ал ыйлап.