9 жаштагы баланын жансыз денеси Чүй каналынан табылды

Кечээ, 19-январда ӨКМ маалымат таратып, Аламүдүн районундагы Дордой-2 конушунун аймагынан агып өткөн Кичи Чүй каналына 2013-жылы туулган бала түшүп кеткенин, жансыз денеси изделип жатканын билдиришкен. 

Бүгүн, 20-январда жерине 5 куткаруучу, туугандарынан жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 10:30да баланын жансыз денеси табылганын билдиришти.