9-майдан тарта Бишкектеги бир нече автобустун кыймылы өзгөрөт

Чүй проспектисинде жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жайлардын курулушуна байланыштуу автобустардын каттамдары өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бишкекте Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жай куруу боюнча ири долбоорго даярдык иштери башталды. 9-майда саат 22:00дөн баштап Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылат. Ушуга байланыштуу жогоруда аталган аймакта курулуш иштери жүрүп жаткан мезгилде айрым автобустук каттамдардын кыймыл схемасы өзгөрөт.

Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрү кесилишкен бөлүгүндөгү №7, 34, 38, 166 маршруттук каттамдар Жумабек көчөсүнө багытталат. Ал эми ушул эле кесилиштеги №5, 11, 16, 21, 25, 36, 50, 104, 129, 135, 152, 169, 216, 222, 227 жана 254 маршруттук каттамдар убактылуу Киев көчөсү аркылуу өткөрүлөт. Светофордун цикли транспортко да туураланат, бул тыгынды азайтууга жардам берет.