Эртең, 9-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз ала булут каптап, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +27…+29 градус ысык болот.