Эртең, 9-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусу түнкүсүн +8… + 13, күндүз + 19 … +24,
Талас облусу түнкүсүн +4… + 9, күндүз + 17 … +22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… + 15, күндүз +20… + 25,
Ысык-Көл облусу түнкүсүн +7… + 12, күндүз + 17 … +22,
Нарын облусу түнкүсүн + 3… + 8, күндүз + 16…+21.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын тепературасы +11…+13, күндүз +22…+24 градуска жетет.