94 жаштагы карыя: «Бир жерге отура албайм. Бөтөлкө тергеним мага машыгуу болот»

25-июлда интернетте 94 жаштагы карыянын желим бөтөлкөлөрдү чогултуп, сатып, жан багары айтылган видео тараган эле. Биз дал ошол карыянын үйүнө барып, акыбалын билип кайттык. Бул видеодо аксакалдын жашоо шарты, басып өткөн жолу тууралуу биле аласыздар.

Жардам берүүнү каалагандар Ала-Тоо-2 конушу, Камыр-Ата көчөсү, 30 дареги аркылуу кайрылса болот.

«Мени эл багып жатат. Бөтөлкө сатканы бара жатканда жолдон токтотуп, 100 сом, 50 сом бергендер болот. Ошентип күн көрөм. Мен бир жерге отура албайм. Бөтөлкө терем, бул мага машыгуу болот. Айсулуу Тыныбекованы жакшы көрөм. Бул үйдөгүлөрдүн баарын кошуналарым берген«,- деди ал.