21-декабрда Москва шаарында саясатчы, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматованын бейнеси тууралуу коомдук активист, чейрек кылымдан бери мигранттык турмушту баштан кечирип келе жаткан Асылкан Төлөнбаеванын “От кармаган Орозайым” аттуу китебинин бет ачары өттү.
SerepTV телеканалына берген комментарийинде автор: “Мен көптөн бери эмгек кылып, “элге чындыкты алып чыгам” деген оюм ишке ашып, Орозайым Нарматова кызымдын чындыгы тууралуу жазган китебимди элге алып чыктым. Кечебизге конок болуп, Кыргыз Биримдиги коомунун аксакалдары, миграциядагы пикирлештерибиз жана Орозайымдын тарапташтары колдоп келишти. Тээ жаштык кезде ырларды, аңгемелерди жазып, миграциядагы оор турмуштун азабын ак кагазга толтуруп жүргөнүм бир тең, апасы о дүйнө салып, чөөлөрдүн таландысында калган Орозайымдын тагдыры бир тең болду. Бизде аял башы менен, небересиндей, кызындай болгон кыздын анча-мынча кемчилигине көз жумуп, жакшылык ишин кубаттап койгондун ордуна буттан тартып, көрө албастык кылып, ушактап жазып жаткан аялдарды көрүп алар эмес мен уялган күндөрүм болду. Ушунчалык жалган каралоолорго чыдап, үстүнөн карай жугунду төгүлсө да кебелбей койгон Орозайым менин тагдырдан тапкан кызым болду. Буюрса биз энелер Орозайымга ар дайым ак батабызды берип, туура жолду көрсөтүп, өйдөгө карай сүрөп турабыз”, — деди.
Китептин, бул иш-чаранын башкы кааарманы Орозайым Нарматова SerepTV телеканалына комментарий берип жатып: “Максатым Орозайымды чыгаруу, анын атын таанытуу эмес, менин бийик максатым – миңдеген, миллиондогон мигранттын жаркын келечеги үчүн күрөшүү. Андыктан Орозайымдын дарегине айтылган сындарга таарынбайм. Асылкан эжекем сен жөнүндө китеп жазам дегенинде алгач тартынып, мындай ишке азырынча татыктуу эмесмин деп кыйылып жүрдүм. Бирок мен тууралуу жазылганы менен бул китеп мигранттардын тагдыры, миграция көйгөйлөрү менен тыгыз байланышта болгондугу, менин чындыгым миңдеген мигранттын чындыгы экендиги, ошол чындык элге жетери мени ынандырды”, — деп билдирди.
Китептин бет ачарына Кыргыз Республикасынын парламентине 2 жолку талапкер, коомдук активист, “Ак-Нур” коомунун Чүй облусу боюнча координатору Назгүл Эшеналиева, Москвадагы кыргыз диаспорасынын кеңешинин катчысы, жеке ишкер Надырбек Сооронбаев, SerepTV телеканалынын жетекчиси Бактыгүл Сокушова, Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Акжол Келгенбаев, белгилүү жактоочу, юрист Гуляна Убалиева, коомдук ишмер, жактоочу Мейликан Эмилбаева, Москвада кыргыздын миңдеген жаранын иш менен камсыздап келе жаткан жеке ишкер, коомдук ишмер, меценат Эмил Жайчиев, Москвадагы Кыргыз Биримдиги коомунун төрагасы Турдали Орозбаев жана башкалар катышып, колдоо сөздөрүн айтып, алакан жайып батасын берип кетишти.