Сокулуктагы «Алтын балалык» бала бакчасында 22-октябрда 5 жашар Алия чарчап калган. Соттук-медициналык экспертиза Алия бала бакчада уктап жатып, өз кусундусуна какап, чарчап калган деген жыйынтык чыгарган. Бул окуя боюнча SEREPTV телеканалы эки тараптын пикирин уккан. Бала бакчанын тарбиячысы Алина Камчыбек кызы төмөнкүлөрдү айтты.
«Алия ал күнү айтылып жаткандай бакчага жакшынакай эле келген. Мурдагыдай эле активдүү болчу. Балдар менен сабак өтүп, алар сүрөт тартышкан. Анда да Алия сүрөтүн жакшынакай кылып боёгон. Андан кийин балдар ырдап бийлешип, 13:00дөн өтүп балдарды жаткырганбыз. Негизинен 13:00дөн 13:40ка чейин балдарды уктатып, ойготуу сааты. 13:45терде ойготуп баштадым. Ошол учурда мен эч жакка чыккан жокмун, группада болдум. Бирок бир баланын памперсин алмаштыруу үчүн башка бөлмөгө кирип, которуп жатып, кыздарга Алияны да ойготкула десем, «Алия кусту» деп айтты. Барсам шилекейи агып калыптыр, көмкөрөсүнөн жаткан. Алия деп эки үч жолу ойготсом, реакция кылган жок. Оодарып колума алсам эс-учун жоготкон экен. Ошол учурда эле көтөрүп чыгып, жардам сурадым.
Бир тарбиячынын «апасына чалайын» деп жатканын уккам. Башка бир жардамчы жасалма дем алдырып жатты. Мен дем алып кетсе экен деп шилекейин аарчып жаттым. Анан Тез жардам келди. Эс-учун жоготконун көрүп, ороп алып чыгышты. Алиянын таенеси менен бирге Тез жардамда ооруканага чогуу бардык. Реанимацияга алып киришти, бир саттан кийин Алия каза болуп калды дешти. Окуядан кийин министрликтен бизге сөгүш беришти. Иштеп жатканбыз, улам эле комиссия келип кайра-кайра окуяны айтып берүү мага оор болду. Менин ден соолугума начарлады. Жумуштан кетейин дедим», — деди тарбиячы.