Аалымдар кеңешине мүчө болуучу талапкерлерди каттоо башталды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Аалымдар кеңешине мүчө болуучу талапкерлерди каттоо иштери башталганын жарыялады.

Талапкерлер жогорку деңгээлдеги диний жана светтик билимге ээ болуп, КМДБнын курамында же расмий дин кызматкери катары 5 жылдан кем эмес тажрыйбалуу болушу керек. Ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан соттолбогону, саясий партиялар менен саясий кыймылдарга мүчө болбогону эске алынат.

Кыргызстандагы мусулмандардын курултайы 5-апрелде өтө турган болгон.