Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп Абдиманап Масалиев шайланды

Бүгүн, 16-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жыйынында Аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев ден соолугуна байланыштуу төрагалык кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, кеңештин мүчөлөрү тарабынан арызы канааттандырылды. Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирдиктүү добушу менен Абдиманап Масалиев Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Масалиев Абдиманап Маликович 1965-жылы Баткен шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 1991-1994-жылдары Ташкенттеги «Абдулкосим» медресесинде мударрис болуп эмгек жолун баштайт. 1994-1996-жылдары Сокулук районундагы Сокулук жана Шалта айылдарында жеке үйлөрдө жаштарга дин таалимин окутуп, куран окууну үйрөтөт.

1996-жылы Кыргызстан мусулмандарынын биринчи курултайында Уламалар кеңешине мүчө болуп шайланып, ошол эле жылдын декабрь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитине имамдын орун басары болуп дайындалган.

1997-жылдын июнь айында Бишкек шаарынын борбордук мечитинин башкы имамы болуп бекетилет. 2000-жылдагы Кыргызстан мусулмандарынын курултайында кайрадан Уламалар кеңешине мүчө болот.

2006-жылга чейин Бишкек шаарынын казысы кызматын аркалайт.

2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарындагы Туңгуч мечитинде имам хатиб болуп эмгектенип келе жатат.  Үй-бүлөлүү, эки уул, эки кыздын атасы.