Аалымдар кеңешинин төрагасы Орусиянын муфтиятына жазылды деген кат боюнча билдирүү таратты

Аалымдар кеңешинин төрагасы Орусиянын муфтиятына жазылды деген кат боюнча билдирүү таратты. Ал Фейсбуктагы баракчасына “бул кат фейк, жасалган кат” деп жазды.

Буга чейин Аалымдар Кеңеши дин кызматкерлеринин арасында түзүлгөн маселени чечүүдө Орусиянын муфтийинен жардам сурап кайрылганы тууралуу маалымат тарап, коомчулуктун талккуусуна түшкөн эле. Бул маалыматты Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү тастыктаган.

Көп өтпөй эле уламалар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиев бул маалыматты жалган деп билдирүү жасады. Ал Фейсбуктагы баракчасына:

“Менин атыман Орусиянын муфтийи шейх Равил Гайнутдиндин атына жазылган кат боюнча билдирүү жасап коюуну туура көрдүм. Жазылган кат фейк. Туура, зарыл учурларда колдонулуу үчүн кол коюлуп мөөр басылган актай кагаздар бар. Айтор ошол кагаздар уурдалып анан жазылган окшойт. Себеби аалымдар кеңешинен жазылган кат атайын бланкада чыгыш номерлери жана датасы коюлуп, анан жазылат. Экинчиден кат Орусияга кайдан, кайсы почтадан жиберилгенин караса да аныгы чыгат. Чынын айтсам андай деңгээлде орус тилинде кат жазууга менин орус тилин билүү чеберчилигим да жок. Бул жөн гана мени каралоо деп эсептейм. Бул боюнча тийиштүү жерлерге кайрылам”, — деп жазды.

Буга чейин муфтияттын бухгалтери өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалып, ага удаа эле муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.  Кийинчерээк УКМК Максатбек Токтомушевге карата иш козгоп, 11-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-муфтий аны үй камагына чыгарган.