Аба-ырайы: 7-февралда көпчүлүк аймактарда жаан жаашы күтүлөт

Эртең, 7-февралда аба ырайы өзгөрүп, республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт.

Эртең, 7-февралда аба ырайы өзгөрүп, республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдайт.

Абанын температурасы:
Талас, Чүй облустарында түнкүсүн -3…+4, күндүз +7…12;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…6, күндүз +11…16;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-19, күндүз -1…-6 суук болот.

Борбор калаа Бишкек шаарында мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн +1…3, күндүз +10…12 градус жылуу болот.