Аба ырайы кескин өзгөрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

20-февралдан 23-февралга чейин өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган күндөрү жолдор тайгак жана тоң болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Ошондой эле көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү күтүлөт.

Аймактарда төмөнкүдөй аба ырайы күтүлөт:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6°, күндүз -2…+3°;

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7°, күндүз -2°…+3°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында: түнкүсүн 0…-5°, күндүз -2…+3°;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5°;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°.