Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Алматы трассасы убактылуу жабылды

Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Алматы трассасы убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы айдоочуларды сапарга чыгууну алдын ала пландап, ал эми учурда жолдо жүргөндөрдү ар кандай кырдаалга даяр болууга чакырды. Мекеме азык-түлүк, жылуу кийим, суу жана күйүүчү майды көбүрөөк камдап алууну суранды.