Туманга байланыштуу Бишкектен Жалал-Абадга учкан учак Ошко багытталды

Бишкек — Жалал-Абад авиакаттамы Ош эл аралык аэропортуна багытталды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул аба ырайына, тактап айтканга туманга байланыштуу.