Аба ырайынын кескин өзгөрүшү тартылган видео тарады

Бүгүн, 9-январда Кыргызстандагы аба ырайынын кескин өзгөрүшү тартылган видео тарады.

Видео Чүй облусунда тартылганы болжолдонууда. Аны тартып жаткан адамдын “азыр Күндү жабат” дегенин угууга болот.

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, 11-январдан тарта катуу суук болорун билдирген.