Абадан коргонуу күчтөрүнүн зениттик-ракеталык бригадасында кургак учук менен ооругандардын саны көбөйдү

Абадан коргонуу күчтөрүнүн зениттик-ракеталык бригадасында кургак учук менен ооругандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Учурда Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасында кургак учуктун жабык түрү менен жабыркаган 11 адам жаткандыгы, дагы бирөө ачык формада түштүктө дарыланып жатканы такталды.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, аскерлер 2020-жылдын күзүндө аскерге чакырылган. Алардын биринде кургак учук 15 күндөн кийин аныкталган. Белгилүү болгондой, жоокер убагында текшерүүдөн өткөн эмес, диагноз такталгандан кийин аны дарылай башташкан. Айрым маалыматтарга караганда, бул аскер башка аскер кызматкерлери үчүн инфекциянын булагы болуп саналат”, — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасы учурда кургак учукка чалдыккан 11 адам жаткандыгын тастыктады. «Баарынын абалы туруктуу. Дарыларга аллергиялык реакция жок. Белгилүү болгондой, жаш жоокердин курсунда бардык бейтаптар бир бөлмөдө болушкан. Оорулуулардын саны көбөйүшү мүмкүн”, — дешти алар.