Абакта Арстан Алайдын асылып турганын көргөн жаран окуя тууралуу айтып берген

Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Эмил Жандаев «Азаттыктын» эфиринде Арстан Алай каза болгон №31 абакка барып келгенин айтты.

«Башкы прокуратура, ЖАК текшерүү жүргүзүп жатат. Юстиция министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия иш алып барууда. Биз ал комиссияга мүчө катары кирген жокпуз, биз көзөмөлдөп гана турабыз. №31 абакка барып көрүп келдик. «Камера эмнеге болгон эмес?» деген суроо жаралды. Дааратканада, жуунуучу бөлмөдө жана ашканада башынан эле камера болбоптур. Коридордо, ар бир палатада камера бар экен. Коомдо суроолор болуп жаткан да «камераны алып салган же өчүрүп койгон» деп, жок, ал жерде башынан эле болбоптур. Ал жакта жаза өтөп жаткан киши бар экен. Ал Арстан Алайды тирүү кезинде акыркы жолу көрүптүр. Ошол эле киши анын асынганын байкаптыр. Ал да ооруп, ичи ооруп ашканада сыналгы көрүп жаткан экен. Арстан Алай кирип-чыгып жүргөн экен. «Мен бөлмөгө кирип кеткем. Саат 3төрдө киргем, кайра чыксам асынып алыптыр» деди», — деди ал.

5-январда Арстан Алай каза болду. ЖАК анын жансыз денеси №31 атайын медициналык түзөтүү мекемесинин ашкана бөлүмүндө асынып турган жеринен табылганын билдирди. Анын сөөгү 7-январда Орок айылында жерге берилди.