Абактагы жарандардын күнү кандай башталат?

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы абакта отурган жарандардын күнү кандай башталарын көрсөттү.

Видеодо жарандар мекенге арналган ырларды жана гимнди аткарып жатканын көрүүгө болот.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чаралар мекенге болгон сүйүүнү, жарандык жоопкерчиликти калыптандырууга багытталган.