Абактагы Р.Матраимов артериалдык кан басымга байланыштуу даттанды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов артериалдык кан басымга байланыштуу даттанды. Бул маалыматты бүгүн, 22-февралда Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн УКМКнын абагына барып, камактагы жарандардын шарты менен таанышкан.

«УКМКнын абагынан (СИЗО) Матраимовго медициналык кызмат көрсөтүлүп жатат»,— деди ал.

Райымбек Матраимов УКМКнын абагына 2 айга камакка алынган. Мындай чечимди 20-февралда Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Анын жактоочусу Мадина Ниязова бул чечим менен макул эмес экенин айтып, 5 күндүн ичинде жогорку инстанцияга даттанарын билдирген.