Абактан депутатка чалган жаран аныкталып, жазалоочу камерага киргизилди

Убактылуу кармоочу жайдан Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековго телефон чалган жаран айыпталуучу Ж.А.Т. экени маалым болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Ал №21 мекемеге камакка алынган. Тинтүү учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылган. ЖАКтын Ички иликтөө кызматы тарабынан №21 мекеменин кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды. Айыпталуучу убактылуу жазалоочу камерага киргизилген. 

Кечээ, 24-январда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековго убактылуу кармоочу жайда жаткан адам телефон чалганын айткан. Депутаттын айтымында, бир жарым айдан бери анын маектешине карата тергөө амалдары жүргөн эмес. 

«Ал камакта жатат. Балким, алар иш менен алек болуп, аны унутуп коюшкандыр. Бирок анын апасы жана жакындары үчүн кандай күн өтүп жатат. Ал дагы биздин жаран жана жөн эле минтип жазбайт эле», — деген Кадырбеков.