Абдикарим Алимбаев Арка айылынын тургундары менен жолукту (сүрөт)

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Арка айылынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда президенттин өкүлү жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берген. «Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча да маалымат жеткирилди. Белгилей кетсек, облус башчысы чек ара аймагында окуя катталган аймактарда кырдаалды жөнгө салуу максатында жеринде көзөмөлгө алууда. Бүгүн, 13-апрель күнү да Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жергиликтүүлөр менен бирге болот», — деп айтылат маалыматта.