Абдикарим Алимбаев: «Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу»

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 16-декабрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Ооба, анча-мынча маселе болот, бирок бат эле чечилет», — деди ал.

Ыйгарым укуктуу өкүл чек ара аймагынын губернатору менен жумушчу жолугушууларды өткөрүп жатканын жана чек арадагы чыр-чатакты чечүү жолдору талкууланып жатканын кошумчалады.