Абдикарим Алимбаев митингге чыккан жарандардын талаптарын айтты (видео)

«Чек арага жакын жайгашкан айылдын тургундары учурда башка айылдагы үй-бүлөлөрдө жашап жатат. Эки күндөн бери ушул жарандар облустук администрацияга келип, алар менен жолугушуу өткөрдүм». Бул тууралуу Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев билдирди.

«Бир нече талаптарды коюп жатышат. Биринчиден, чек арадагы чыр-чатакты аягына чейин токтотуу. Экинчиден, калыбына келтирүү иштерди тезирээк жүргүзүү. Үчүнчүдөн, жаракат алган жарандарга жардам берүү. Ошондой эле үйү жараксыз болгон жарандар «убактылуу кайсы жерде жашайбыз?» деген суроо коюшту. Мен тиешелүү жоопторду бердим», — деди ал.