Абдикарим Алимбаев: «Мугалимдер сабак учурунда «телефонуңду өчүр» деген сөздөр менен алек болуп калышты»

Окуучулар сабак учурунда телефон колдонуп, мугалимдерге тоскоолдук жаратып жатышат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

«Мугалимдер сабак учурунда сабак өтпөй эле «телефонуңду өчүр» деген сөздөр менен алек болуп, убактысын туура эмес нерселерге кетирип жатат. Мен облустун мугалимдери менен директорлоруна айтып кетет элем. Телефонду мектепке алып кирүүгө тыюу салыш керек. Телефон бизди башка жакка багыт алдырып жатат», — деди ал.