УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу анын жакындары Фейсбук баракчаларына жазышууда. Маалыматка караганда, ал коронавируска чалдыккан. Кийин өнөкөт оорулары курчуп кеткен.
Абдил Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу. Башкы прокурор Курманкул Зулушев ага карата 6 кылмыш иши козголгонун айткан. 27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы 25-мартка чейин камакта калтырылган болчу. Ал эми 20-майда анын баш коргоо чарасы каралып, 25-июнга чейин камакта калтырылган.