УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев оор абалда ооруканага түштү

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу анын жакындары Фейсбук баракчаларына жазышууда. Маалыматка караганда, ал коронавируска чалдыккан. Кийин өнөкөт оорулары курчуп кеткен. 

Абдил Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу. Башкы прокурор Курманкул Зулушев ага карата 6 кылмыш иши козголгонун айткан. 27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы 25-мартка чейин камакта калтырылган болчу. Ал эми 20-майда анын баш коргоо чарасы каралып, 25-июнга чейин камакта калтырылган.