Абдил Сегизбаев СИЗОдон УКМКнын ооруканасына которулду

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев убактылуу кармоочу жайдан УКМКнын ооруканасына которулду. Маалыматка караганда, Сегизбаев жүрөк-кан тамыр системасынын оорусу менен жабыркап жатат. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Абдил Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу. Кийинчерээк башкы прокурор Курманкул Зулушев ага карата 6 кылмыш иши козголгонун айткан.