«Сегизбаевдин абалы оор бойдон». Жубайы анын дене табы 9 күндөн бери түшпөй, тамак ичпей жатканын айтты

Кечээ, 28-майда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев оор абалда ооруканага түшкөн. Анын коронавирус жуктуруп алганы, илдеттен улам өнөкөт оорулары курчуп кеткени маалым болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул боюнча Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева менен байланышты.

«Абдилдин абалы дагы эле оор. Эки тараптуу пневмония аныкталды. Өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркаган. 9 күндөн бери дене табы түшпөй, тамак да ичпей калган. Учурда дарыгерлер тарабынан текшерүүдөн өтүүдө. Ага эч кимди киргизбей жатышат. Адвокат аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүч келтирет, бирок азырынча ал боюнча сотко кайрыла элек», — деди ал.

Абдил Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу. Кийинчерээк башкы прокурор Курманкул Зулушев ага карата 6 кылмыш иши козголгонун айткан. 27-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы 25-мартка чейин камакта калтырылган болчу. Ал эми 20-майда анын баш коргоо чарасы каралып, 25-июнга чейин камакта калтырылган.