Абдил Сегизбаевдин жубайы жана тарапташтары бошотулду

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан Абдил Сегизбаевдин жубайы жана анын тарапташтары бошотулду. Бул тууралуу камакка алынган экс-чиновниктин өкүлү Мээрим Асанова билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери протокол түзүп, кармалгандарды бошотушкан.

“Аларды эмне үчүн кармашты, белгисиз. Мен алар менен байланыша албай жатам. Милиция кызматкерлери тарабынан 5 адам кармалган. Алардын ичинде Сегизбаевдин жубайы да бар болчу”, — деди Асанова.

Бүгүн эртең менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жубайы жана тарапташтары филармониянын алдына митингге чыккан учурда Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.