Абдулазиз Закиров муфтий болуп бекитилди. Анын өмүр баяны

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп Абдулазиз Закиров бекитилди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайы өтүп, анда Абдулазиз Закиров Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна бекитилди.

Закиров Абдулазиз Назирбековичтин өмүр таржымалы:

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими:  жогорку

1993-1998-жылдары Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-жылдары Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

2015-2018-жылдары Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

2002-2005-жылдары Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-жылдары Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-жылдары Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-жылдары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);

2013-2021-жылдары Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Сыйлыктары:

2005-жылы «Абдулла ибн Аббас» медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;

2015-жылы КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;

2017-жылы «Аймак» облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;

2021-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен «Ардактуу Казы» алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.

Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү. Үч уул, бир кыздын атасы.