«Абдурахман бин Ауф» медресесинин мүдүрү Рахматулла Басиров 44 жашында көз жумду

Ош шаарынын резиденция мечитинин имам хатиби, «Абдурахман бин Ауф» медресесинин мүдүрү, ОшМУнун юридика факультетинин окутуучусу Рахматулла Басиров көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти.

Жакындарынын айтымында, ал башынын ооруп жатканын айтып, көп өтпөй эле үзүлүп кеткен.

Басиров 1977-жылы Кадамжай районунун Алга айылында төрөлгөн. Анын артында 2 уул, 5 кызы калды.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.