Абдыкадыр Орозбековго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы берилди

Бүгүн, 23-декабрда мамлекет башчысы Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.

Анын ичинде мамлекеттик ишмер, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбековго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы (каза болгондон кийин) берилди.

«Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн  Абдыкадыр Орозбеков «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы (каза болгондон кийин) менен сыйланды», — деп жазылат маалыматта.