Абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуунун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктады

Бүгүн, 26-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктап, 11 миң 598 арыз катталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

ЖОЖдорго кабыл алуунун I турунда 26 миң 546 арыз катталып, анын ичинен 12 миң 902 абитурент кабыл алынды.

Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго эң көп кабыл алынгандар:

— Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2 миң 115;

— Ош мамлекеттик университети – 1 миң 864;

— И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 1 миң 563;

— Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 938;

— И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 891;

— К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 811;

— И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 635.