«Аброюбузга шек келтирет». Кыргызгидромет билим берүү министрине жооп берди

13-14-декабрь күндөрү өлкө боюнча окуучулар онлайн режимде окушат. Бүгүн, 13-декабрда таңкы убакытта суукта сабакка жөнөп кеткен окуучулардын ата-энелери маалымат кеч жарыяланганына нааразы болушкан.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептерди онлайн окутууга өткөрүү буйругу эмне үчүн кеч маалымдалганын маалымат жыйында түшүндүрүп, буга аба ырайы тууралуу маалыматты кечинде гана алышканын жүйө келтирди. 

«Мындай чечимди кабыл алуу үчүн бир катар критерийлер бар. Мектептердеги температура көзөмөлгө алынган, андагы жылуулук балдарды окутууга шарт түзөт. Температура талапка жооп бербеген учурда реакция кылабыз. Бирок ата-энелердин өтүнүчү менен буйрук чыккан. Билим берүү министрлиги өз алдынча чечим кабыл ала албайт, аны башка мамлекеттик органдар менен биргеликте кабыл алуу керек», — деген ал. 

Буга Кыргызгидромет жооп кылды. Синоптиктер шашылыш билдирүү 5-декабрда эле жарыяланганын айтты. “Билим берүү министри бул фактыны көз жаздымда калтырып, Кыргызгидромет өз убагында маалымат берген жок деген билдирүү жасады. Министрдин мындай сөзү коомчулукту эле адаштырбастан, Кыргызгидрометтин беделине дагы шек келтирет”, — деди синоптиктер.