Абшыр-Ата жайлоосунда калган унаалар чыгарылды

Кечээ, 6-июлда Ноокат районунун Абшыр-Ата жайлоосуна кеткен жол толугу менен калыбына келтирилип, унаа жолу саат 17:00дө ачылды. 28-июнь күнү жааган нөшөрлүү жаанда калып кеткен унаалар ӨКМ куткаруучуларынын коштоосунда узатылды.
Унаа ээлери дээрлик бир жума аталган унаа жолунун ачылышын күткөндүгүн, учурда жол каттамы мурдагыдан кенен жана тегиз болгондугуна ыраазычылык билдирип жатышат. Учурда ӨКМдин инженердик техникалары негизги жол каттамын толугу менен калыбына келтирип, мындан ары дарыя нугунда тазалоо, суунун нугун ачуу иштерин жүргүзөт.